Жогорку Кеңеш күн мурун “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, үч окууда колдоду. Ага ылайык, сатып алуулар мыйзамына бир катар өзгөртүүлөр киргизилди. Долбоор министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген. Мыйзам долбоору мамлекеттик сатып алууларда бюджеттик каражаттарды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу максатын көздөйт. Ошондой эле киргизилип жаткан өзгөртүүлөр мамлекеттик сатып алуулар процесстерин да жөнөкөйлөтөт. Биз бул ирет документте каралган милдеттер жана алардын маанилүүгүнө токтолобуз.
Мамлекеттик сатып алуулар мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы эмнеде?
Кыргызстанда мамлекет тарабынан каржыланган ири курулуштар жүрүп, долбоорлор ишке ашырылып, мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар өткөрүлүп келет. Мына дал ушул пландалган иштерди аткарууда керектеле турган каражаттарга сөзсүз түрдө мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү керек. Буга чейин сатып алууларга убакыт көп талап кылынып, иштер создугуп келген. Эми “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен сатып алууларды жүргүзүү процесстери алда канча жөнөкөйлөштүрүлүп, каражаттарды максаттуу пайдалануу жолго коюлмай болду.
Мындан ары республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын, министрлер кабинетинин төрагасынын катышуусу менен мамлекеттик деңгээлде эл аралык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү, ошондой эле чет мамлекеттердин башчыларынын, чет мамлекеттердин өкмөт башчыларынын, эл аралык уюмдардын жетекчилеринин, парламенттик делегациялардын, өкмөттүк делегациялардын, чет мамлекеттердин делегацияларынын иш сапарларын камсыз кылуу менен байланышкан сатып алууларды аткаруу жарандык мыйзамдарга ылайык буюртма берүүчү менен аткаруучунун ортосунда жарандык-укуктук бүтүм түзүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Сатып алууларды өткөрүүдө мамлекеттик тапшырма түшүнүгү киргизилди.
Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков билдиргендей, мамлекеттик тапшырманы уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар компаниялар республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен буюртма берүүдө подрядчы менен келишим түзө алат.

“Дайыны жок жеке компания мамлекеттик тапшырманы аткарууга мүмкүнчүлүгү жок. Бюрократиялык жүктөмдү кыскартууга, чыгымдарды төмөндөтүүгө, эң негизгиси убакытты бат жылдыруу үчүн мамлекеттин үлүшү бар компания гана тапшырманы аткара алат. Мамлекеттик компания болгондуктан, сатып алууга кете турган чыгымдар мамлекеттин капчыгында калат. Компания бюджеттик каражаттардын суммасынын 50 пайызынан ашпаган көлөмдө тапшырманы субподрядчикке берүүгө жол берилет”, - деди ал.
Мамлекеттик тапшырмаларга кандай буюртмалар кирет?
- маданият жана туристтик иш жаатында, тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу чөйрөсүндө;
- билим берүү, илим жана саламаттык сактоо тармактарында;
- президенттин Иш башкармалыгы жана анын ведомстволук бөлүмдөрү тарабынан иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
- эл аралык жана республикалык маанидеги жалпы пайдалануудагы унаа жолдорун куруу, реконструкциялоо, оңдоо жана өнүктүрүү боюнча;
- негизги фонддорду түзүүгө, көбөйтүүгө, жаңылоого, модернизациялоого жана экономиканын тармактарын өнүктүрүүгө багытталган;
- президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын, министрлер кабинетинин төрагасынын катышуусу менен мамлекеттик деңгээлде расмий иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү.
Мамлекеттик сатып алууда жоопкерчилик кимге жүктөлөт?
Документте көрсөтүлгөндөй, мамлекеттик буюртманы берген тарап жана мамлекеттик тапшырманы аткаруучу мамлекеттик тапшырманы ишке ашыруунун алкагында бюджеттик каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу "Кабар" агенттигине билдиришкендей, бул мыйзам мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө зарыл болуп келген. Анткени мамлекеттик сатып алуулардагы талаптарга ылайык, кээ бир учурларда жасала турган иштер кечеңдеп келген. Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр эми бюрократияларды кыскартып, чыгымдарды азайтат.

“Бул мыйзамдын пайдалуу жактары көп болгондуктан, мен колдодум. Канчалаган иштер тендерлердин өткөрүлүшү менен создуктурулуп, кыйынчылыктарды жаратып келген. Сатып алуулар мыйзамы мамлекеттик тапшырма түшүнүгү менен толукталды. Бул социалдык-маданий жана башка бир катар иш-чараларды өткөрүүдө, билим берүү, саламаттык сактоо өңдүү мыйзамда каралган тармактардагы иштерди жүзөгө ашырууда мамлекеттик тапшырма колдонулат. Мында талаптар кыйла азайып, мурдагы бюрократиялык тоскоолдуктар кыскарды. Бирок ошол эле маалда сатып алууда субподрядчыга 50% каражат берилген учурда жакшы көзөмөл жүргүзүү керек. Ошонун туруктуу механизмдери иштелип чыгышы керек. Бул жең ичинен сүйлөшүп алып, субподрячылардын кызыкчылыгын көздөгөн мыйзамсыз көрүнүштөрдүн алдын алат”, - деп белгиледи эл өкүлү.
Юстиция министри Аяз Баетовдун пикиринде, сатып алуу иштерине мамлекеттик көзөмөл сөзсүз жүргүзүлөт.
"Текшерүүлөр Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги, Башкы прокуратурада, УКМК, Эсептөө палатасы тарабынан өткөрүлөт. Ошондой эле өздөрүнүн аудиторлору да бар. Азыр деле мамлекеттик ишканалар көзөмөлдөнөт. Анын баары эле калат. Көзөмөл болот", - деди министр.

Коомчулукка белгилүү болгондой, тигил же бул мамлекеттик сатып алууда буюртма берген ишкана эң арзан бааны сунуштаган компания менен иштешүүгө ыктаган. Бирок баасына жараша аткарылган иштердин сапаты көңүлгө толбой келген учурлар көп кездешкен. Эми мыйзамга киргизилген жаңы ченемдер иштин натыйжалуулугун арттырып, сапатты кыйла жакшыртканга мүмкүнчүлүк түзөт деп айтылууда.