Бишкек, 10.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда ар кайсы мамлекеттик органдарга тиешелүү геомаалыматтарды бирдиктүү портал аркылуу жеткиликтүү кылуу пландалууда. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Санариптик трансформация башкармалыгынын начальнигинин орун басары Алмаз Абдиев Евразиянын мейкиндиктик маалыматтар инфраструктурасы боюнча XII эл аралык конференциянын алкагында билдирди.
Анын айтымында, геомаалыматтар – буга чейин кагаз түрүндө колдонулуп келген карталардын санариптик форматтагы түрү. Мындай маалыматтар менен иштөө үчүн ар кандай министрликтер менен мамлекеттик мекемелердин маалыматтарын бир жерге топтой турган санариптик инфраструктура зарыл.
Бирдиктүү портал аркылуу мамлекеттик органдарда түзүлгөн карталардын ар кандай катмарларын көрүүгө болот. Учурда мекемелерде көптөгөн картографиялык маалыматтар, анын ичинде сел жүрүшү мүмкүн болгон көлдөр, жер көчкү жана башка объектилер тууралуу маалыматтар топтолгон.
Абдиев мындай маалыматтар башка мамлекеттик органдар, ишкерлер жана жарандар үчүн да пайдалуу экенин белгиледи. Анын айтымында, картографиялык маалыматтарды интернет жана бирдиктүү портал аркылуу жалпыга жеткиликтүү кылууга болот.
Маалыматтардын негизин топографиялык карта жана ага керектүү маалыматтарды камтыган ар кандай тематикалык катмарлар түзөт.