Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Улуттук банктын көзөмөлүнөн чыгарылды

Экономика 5 ноябрь 2025 17:53
Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Улуттук банктын көзөмөлүнөн чыгарылды
copyright icon WWW

Бишкек, 05.11.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамга кол койду. Бул тууралуу “Эркин-Тоо” гезити жазды.

Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2025-жылдын 24-сентябрында кабыл алынып, 31-октябрда жарыяланган. Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишмердүүлүгүнө тиешелүү ченемдик укуктук актыларга тактоолор киргизилди.

Мыйзамдын негизги жоболору:

9-беренеде банк мыйзамдарынын жоболору Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишине жайылтылбайт деп кошумчаланат.

40-беренеге толуктоо киргизилди, ага ылайык Улуттук банк Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишин лицензиялоону, көзөмөлдөөнү жана жөнгө салууну ишке ашырбайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.