Бишкек, 05.08.26 /Кабар/. Кыргызстандын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен Евразия өнүктүрүү банкы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.
Документ экономиканы модернизациялоого, инфраструктураны өнүктүрүүгө, ишкерликти колдоого жана инвестиция тартууга багытталган биргелешкен долбоорлорду даярдоо жана ишке ашырууга негиз түзөт.
Меморандумга Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Эмил Такырбашев жана ЕАӨБ башкармалыгынын төрагасынын орун басары Алексей Скатин кол койду.
Алексей Скатиндин айтымында, кызматташтык Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына узак мөөнөттүү каржылоону тартуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталат.
"Меморандум туруктуу экономикалык өсүшкө, инвестиция тартууга жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган долбоорлорду биргелешип даярдоого жана ишке ашырууга негиз түзөт", - деди ал.