Мамлекеттик кызматкерлердин бала кездери

Коом Загрузка... 01 Июнь 2025 20:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек 01.06.25 /Кабар/. Бүгүн, 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Бул күндүн урматына биз сиздерге бир кезде мотурайган бала болгон мамлекеттик кызматкерлердин архивдик сүрөттөрүн сунуштайбыз.

Төмөндө бүгүнкү күндө маанилүү чечимдерди кабыл алып, өлкөнүн тагдырын чечип жаткан инсандардын бала кези:

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев 1974-жылы төрөлгөн. Ал зоопарк ачып, жаныбарларды изилдеп, табият таануучу болууну кыялданчу.

WhatsApp_Image_mtoCEzg.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева 1961-жылы Ысык-Көл облусунун Оргочор айылында төрөлгөн (сүрөттө оң жакта).

WhatsApp_Image_MhNdfTx.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 1988-жылы Нарын облусунун Кочкор районундагы Туз айылында жарык дүйнөгө келген.

WhatsApp_Image_g5YBHmD.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев 1978-жылы Чүй облусунун Москва районундагы Беловодское айылында төрөлгөн.

WhatsApp_Image_eKDqh8q.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылынан.

WhatsApp_Image_fcHXhQ0.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Баарыбыз бала болгонбуз!

Бул сүрөттөр - биздин балалык биздин тагдырды калыптандырат экендигин айгинелейт.

Ар бир чоң адам балдардын укугун коргоого, аларга коопсуз, бактылуу жашоо жана жаркын келечек тартуулоого милдеттүү.

Бардык балдарды бүгүнкү майрамы менен куттуктайбыз! Ар бир баланын жашоосу сүйүүгө, мээримге, оюн-күлкүгө жана кубанычка толо болсун!