Мамлекеттик колдоо. “Жаштар такшалмасы” долбоору кандай иштейт?

Коом Загрузка... 18 Ноябрь 2025 14:00
WhatsApp Image 2025-11-18 at 14.18.07.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.11.25 /Кабар/. Колунда диплому бар жумуш издеген бүтүрүүчүлөрдү жана студенттерди колдоо максатында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “Жаштар такшалмасы” (Жаштар стажировкасы) долбоорун киргизген. Бул тууралуу аталган министрликтин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Садаткүл Мукамбетова “Кабар” маалымат агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, аталган долбоордун алкагында иш берүүчүлөр менен министрликтин аймактык бөлүмдөрү атайын келишим түзүшөт. Долбоордун негизги максаты – жаштарды жумуш менен камсыздоо аркылуу алардын чет өлкөгө кетүүсүн азайтуу.

“Келишимдин негизинде такшалмага барган жаранга мамлекет айына 8 миң 600 сом төлөп берет. Тактап айтканда, эмгек акыны иш берүүчү эмес, мамлекет өз эсебинен берет. Такшалма учурунда жаштар толук кандуу кызматкер катары иштеп, тажрыйба топтойт. Көп учурда иш берүүчүлөр такшалмадан кийин ошол эле кызматкерди жумушка алып калышат. Долбоор жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп жатат. Бүгүнкү күндө 1 миң 850 жаран такшалмадан өтүп, алардын ичинен 950сү ошол эле ишканаларга туруктуу жумушка орношту”,- деди Мукамбетова.