Мамлекеттик катчы Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган фестивалды ачты

Маданият 30 Сентябрь 2025 17:47
557641827_1352825900185374_8688638108480991143_n.jpg
555987910_1352825803518717_516525840409477122_n.jpg
Алдыга
Артка
557641827_1352825900185374_8688638108480991143_n.jpg
555987910_1352825803518717_516525840409477122_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясынын маалымат кызматы

Бишкек, 30.09.25 /Кабар. Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов акын, котормочу жана драматург Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган “Алыкул – Ата Журттун акыны” аттуу эл аралык поэзия фестивалынын ачылышына катышты.

Иманкулов фестивалды ачып жатып, бул кыргыз адабияты үчүн гана эмес, жалпы түрк дүйнөсү үчүн маанилүү окуя экенин белгиледи.

“Алыкул Осмонов – улуттук поэзияны эл аралык деңгээлге чыгарган залкар акын. Анын мурасы – жаштар үчүн баалуу руханий жол көрсөткүч. Бүгүн бул жерде чогулган ар улуттун өкүлү – акындын чыгармачылыгы дүйнөлүк деңгээлде таанылгандыгынын айкын далили”, - деп баса белгиледи мамкатчы.

Иш-чарага Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Россия жана башка өлкөлөрдөн келген акындар, жазуучулар жана илимий интеллигенция өкүлдөрү катышты.

Фестивалдын жүрүшүндө поэзия кечелери, китеп көргөзмөлөрү, илимий конференциялар камтылган, алардын алкагында лирикалык чыгармалары жана сөзгө чебердиги менен таанылган Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгы талкууланды.