Бишкек, 14.08.26. /Кабар/. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун (МКУ) уставдык капиталы 1 млрд 144 миң сомдон ашты. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигиндеги маалымат жыйында МКУнун Камсыздандыруу төлөмдөрү жана ордун толтуруулар башкармалыгынын жетекчиси Азатбек Осмоналиев билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттин уставдык капиталды көбөйтүү чечими жарандардын камсыздандыруу системасына болгон ишенимин арттырууга өбөлгө түзөт.
Осмоналиевдин маалыматына караганда, 2026-жылдын 1-январына карата “Кызмат” мекемесинин маалыматы боюнча Кыргызстанда 1 млн 294 миң 967 турак жай катталган. Ал эми 2026-жылдын 12-августуна карата МКУда 405 миң 177 турак жай камсыздандырылган. Камсыздандыруу менен камтуу 31,1%ды түздү.
МКУнун өкүлү турак жайды милдеттүү камсыздандыруу социалдык мүнөзгө ээ экенин белгиледи. Камсыздандыруу төлөмдөрүн эсептөө тартиби Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген. Полистин баасы жана төлөнүүчү компенсациянын өлчөмү белгиленген орточо тарифтердин негизинде аныкталат.
Ал белгилегендей, айыл жергесинде камсыздандыруу полисинин жылдык баасы 600 сомду түзөт. Мында келтирилген зыян үчүн төлөнүүчү компенсациянын максималдуу өлчөмү 500 миң сомго чейин жетет. Шаарларда полистин баасы жылына 1 200 сом, ал эми компенсациянын максималдуу суммасы 1 млн сомго чейин.
Ошол эле учурда Осмоналиев камсыздандыруу учурларынын басымдуу бөлүгү табигый кырсыктарга эмес, өрткө байланыштуу экенин айтты.
"Бардык төлөмдөрдү алсак, алардын 80–90%ы өрт кырсыктарына туура келет. Анткени учурда өрт кырсыктарынын саны абдан көп катталууда", — деди Осмоналиев.
Жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн камсыздандыруу полисин тариздөө да жөнөкөйлөштүрүлгөн. Камсыздандырууну “Страхование” сайты, банктардын мобилдик тиркемелери жана мамлекеттик “Түндүк” порталы аркылуу онлайн төлөп, тариздөөгө болот.