Мамкамсыздандыруу уюмунун Ош шаарындагы филиалы 24/7 режиминде иш алып барууда

Аймак Загрузка... 25 Июнь 2025 13:34
WhatsApp Image 2025-06-25 at 13.10.36.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек 25.06.25 /Кабар/. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Ош шаарындагы филиалы 24/7 режиминде иш алып барууда. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, өлкө аймагында ОСАГО милдеттүү камсыздандыруу полиси боюнча мыйзам 1-июлдан тарта күчүнө кирип жаткандыктан, уюм жарандардын полисти алуудагы шарттарын жеңилдетүү жана ыңгайлуу кызмат көрсөтүү максатында өз ишин күчөттү.

Эми Ош шаарында, Рысбай Абдыкадыров көчөсү, 2А дарегинде жайгашкан «Жамбы» бизнес борборундагы МКУнун Ош филиалы жарандарды күнү-түнү, 24/7 режиминде кабыл алат.

Филиал дем алыш жана майрам күндөрү да кызматта болот.