Мамкамсыздандыруу уюму өрт чыккан мектеп менен бала бакчага акча каражатын берди

Коом 15 июль 2025 08:55
1752499758.jpeg
1752499727.jpeg
1752499732.jpeg
1752499739.jpeg
1752499746.jpeg
1752499763.jpeg
Алдыга
Артка
1752499758.jpeg
1752499727.jpeg
1752499732.jpeg
1752499739.jpeg
1752499746.jpeg
1752499763.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 15.07.25. /Кабар/. Бишкектеги мектеп менен бала бакчага өрттөн келтирилген зыяндын орду толтурулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, №63 мектепке 1 млн 523 миң 814 сом, ал эми №82 бала бакчага 187 миң 270 сом акча каражаты берилди.

Өрттөн кийинки калыбына келтирүү жана оңдоо иштерине сертификаттарды Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек филиалынын директору Салават Садыракунов тапшырды.

Аталган объекттер мамлекеттик мекеме катары Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан камсыздандырылган.