Кыргызстанда 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында президенттин Иш башкармалыгына караштуу уюмдар 6 миллиард 200 миллион сом киреше тапты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсеге жана 2021-жылга салыштырмалуу 46 эсеге көп. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүчтөр азырынча жарым жылдыкы гана. Пансионаттар, санаторийлер, курорттор негизги кирешени жайкы сезондо табат. Жогорудагы эсепке быйылкы сезондун кирешеси толук кире элек. Демек, жыл аягында бул сумма мындан да жогору болот деген чоң ишеним бар.
“Башкармалыкта быйыл 11 млрд сомдон ашык киреше табуу планы коюлган. Бирок, азыркы темп менен биздин уюмдар бул планды ашыра аткарат деп ишенем. Мындан тышкары, быйыл биздин башкармалыкка жаңы уюмдар – анын ичинде “Элкат” ЖЧКсы жана башка мекемелер кошулду. Учурдагы 6,2 миллиард сомго алардын түшкөн каражаттары кошулбайт. Алардын кирешесин кошкондо, жылдык жалпы сумма бир нече миллиард сомго көбөйөт деп күтүлүүдө”,-деп жазган ал.
Туризм боюнча эксперт Азамат Жаманкуловдун айтымында, өзгөчө Ысык-Көл жана Чүй облустарындагы санаторийлердин потенциалы чоң.

“Алардын көбү жылдар бою модернизацияланбай, эскирген. Туристтер мейли чет элдик болобу, мейли жергиликтүү тургун болобу, заманбап жана ыңгайлуу шарттарда эс алууну каалашат. Эски эс алуу жайларына эчким баргысы келбейт. Ошондуктан курортторду оңдоо жана реконструкциялоо абдан зарыл. Алардын деңгээли канчалык жогору болсо, туристтердин суроо-талабы ошончолук көбөйөт. Оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн жерлерде келген коноктордун саны байкаларлык көбөйдү”, - деп белгиледи эксперт.
Президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын орун басары Таланбек Жунушевдин айтымында, реалдуу өсүштү “Учкун” ААК көрсөткөн.

Үстүбүздөгү жылдын январь–июнь айларында “Учкун” ААКы 1 807 191 657 сом киреше тапкан, бул планда каралган көрсөткүчтөн 214 191 657 сомго ашкан. 2024-жылдын ушул эле мезгилинде салыштырмалуу “Учкун” ААКынын кирешеси 492 708 681 сомду түзүп, 2025-жылга карата өсүш 1 314 482 976 сомду түзүп же 3,5 эседен ашкан.
Курорттук-санатордук мекемелерде да реконструкция жана модернизация иштери жүргүзүлүп, натыйжада жакшы өсүштөр байкалууда.
Мисалы, “Ысык-Көл Аврора” санаторийинин 2025-жылдын биринчи алты айында тапкан кирешеси 66 333 000 сомду түзүп, планда каралган көрсөткүчтөн 18 179 000 сомго ашты. 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу киреше 1,5 эсеге өскөн.

“Жыргалаң” санаторийинде да ушундай динамиканы байкоого болот. 2025-жылдын январь–июнь айларында киреше 54 192 000 сомду түзүп, 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 1,8 эсе, ал эми 2022-жылга салыштырмалуу 7 эседен ашык өсүш байкалган.

Бюджеттик мекемелер арасында да позитивдүү өсүштөр байкалууда. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында эң чоң өсүш Кыргыз Республикасынын президентинин “Манас” камердик оркестри мамлекеттик мекемесинде 2025-жылдын биринчи алты айынын жыйынтыгы боюнча киреше 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 2,8 эсеге, ал эми 2021-жылга салыштырмалуу 15 эсеге өстү.

Кыргыз мамлекеттик “Ала-Арча” жаратылыш паркынын ишмердигинде да оң динамиканы байкоого болот. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында киреше 120 978 000 сомду түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 20 772 000 сомго же 20%га көбөйдү, ал эми 2021-жылга салыштырмалуу 5 эседен ашык өсүштү мекеме көрсөткөн.

“Бул өсүш санариптик чечимдерди ишке ашыруунун натыйжасы болуп саналат. Кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы дээрлик өзгөрүүсүз калды. Буга чейин алар Ала-Арчага кирүү үчүн бир унаадан накталай 500-600 сомдон алышчу. Эми төлөм адамдан накталай эмес жол менен алынат. Тагыраагы адам фактору жокко чыгарылып, бардык төлөмдөр түз бюджетке түшөт”, - деди Жунушев.

Биринчи жарым жылдыкта президенттин Иш башкармалыгынын кирешелеринин өсүш динамикасы төмөнкүдөй:
- 2021-жыл — 133 млн сом,
- 2022-жыл — 580 млн сом,
- 2023-жыл — 1 млрд 937 млн сом,
- 2024-жыл — 2 млрд 876 млн сом,
- 2025-жыл — 6 млрд 200 млн сом.
Кыргыз Республикасынын президентинин Иш башкармасы ведомстволук уюмдарын мындан ары да өнүктүрүү, алардын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюджетке түшүүчү кирешелерди көбөйтүү боюнча ишти улантарын белгиледи.