Мамлекеттик иш кагаздардын үлгүлөрү камтылган жаңы платформа ишке кирди – Супатаева

Коом Загрузка... 16 Июнь 2025 15:10
WhatsApp Image 2025-06-16 at 14.50.36.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 16.06.25. /Кабар/. Мамлекеттик иш кагаздардын үлгүлөрүнүн кеңири топтомун камтыган атайын платформа ишке киргизилди. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Алфира Супатаева билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Улуттук комиссиянын дарегине мамлекеттик органдардан жана жарандардан иш кагаздардын үлгүлөрүн бир жерге топтоп, жеткиликтүү кылып берүү өтүнүчтөрү көп түшкөн.

“Мына ошол кайрылууларды эске алып, эки жылдан бери атайын иш жүргүзүлүп, Documentgov.kg аталышындагы платформа ишке киргизилди. Колдонуучулар сайттагы издөө системасы аркылуу керектүү иш кагаздын үлгүсүн оңой таап, пайдалана алышат. Документтер кыргыз тилинде гана эмес, расмий тилде да жеткиликтүү”,- деди Супатаева.

Супатаева белгилегендей, учурда платформадан 700дөн ашуун иш кагаздын үлгүсү табууга болот.