Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 80 млрд сомдон ашты - президент

Президент Загрузка... 11 Апрель 2025 15:51
WhatsApp Image 2025-04-11 at 12.40.54.jpeg
copyright icon Акназик Тургунбаева

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.04.25. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 80 млрд сомдон ашып, өлкөдөгү ири капиталга ээ болгон жападан жалгыз компанияга айланды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чыңгыз Айтматов проспектиси, 102/1 дарегинде жайгашкан ипотекалык үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу аземинде билдирди.

Өлкө башчысы өз сөзүндө белгилегендей, бул мамлекеттин элге болгон кам көрүүсүнүн бирден бир далили.

“Күн мурун Жогорку Кеңештин жыйынында компаниянын жетекчисине компаниянын ишмердүүлүгү боюнча терс пикирдеги суроолору боюнча кеңири маалымат бере кетейин. Мамлекеттик ипотекалык компанияда бардыгы ачык. МИКтин башкаруу системасы толук санариптешкен. Кезекте тургандар онлайн түрдө өз кезектерин карап турушат. Эч ким бирөө-жарымды секиртип барып алдына коюп коё албайт. Финансылык көзөмөл да электрондошкон. Эч ким акча уурдай албайт. Уурдаса баары бир кийин көрүнүп калат. Албетте, акчаны 2-3 эселеп кайтарып беришет”, - деди ал.