Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен 29-30-октябрда Анкара шаарына иш сапар менен барат.
Сапардын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын 13-саммитине катышат.
Саммиттин алкагында аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланат.
Саммиттин жыйынтыгы боюнча Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын Анкара декларациясына жана катышуучу мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоого багытталган башка документтерге кол коюу пландалууда.