Садыр Жапаров иш сапары менен Түркияга барды

Президент
5411079754519092180.jpg
5411079754519092178.jpg
5411079754519092179.jpg
5411079754519092183.jpg
5411079754519092176.jpg
5411079754519092177.jpg
5411079754519092181.jpg
5411079754519092182.jpg
5411079754519092184.jpg
Алдыга
Артка
5411079754519092180.jpg
5411079754519092178.jpg
5411079754519092179.jpg
5411079754519092183.jpg
5411079754519092176.jpg
5411079754519092177.jpg
5411079754519092181.jpg
5411079754519092182.jpg
5411079754519092184.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-октябрда иш сапары менен Түркиянын Анкара шаарына барды.

Мамлекет башчысынын учагы Анкара шаарындагы “Этимесгут” эл аралык аэропортуна конду.

Аэропорттун флагштокторуна Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол ротасы тизилген.

Президент Садыр Жапаровду Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Эске сала кетсек, мамлекет башчысы сапардын алкагында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын 13-саммитине катышмакчы.