Поезд кырсыгы: Садыр Жапаров Испаниянын падышасына көңүл айтты

Президент
Поезд кырсыгы: Садыр Жапаров Испаниянын падышасына көңүл айтты
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Испания Падышалыгынын Толедо провинциясында поезддердин кагылышуусунан улам адамдардын каза болушуна байланыштуу Испаниянын падышасы Филипп VIга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. 

“Испания Падышалыгынын Толедо провинциясында поезддердин кагылышуусунан улам адамдар каза болуп, көптөгөн жарандар жаракат алды деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге жана Испания элине бул каргашалуу окуяга байланыштуу көңүл айтам.

Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөм, ал эми бардык жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.