Аскер кызматкерлеринин өлүмү: Жапаров Токаевге көңүл айтты

Президент 24 сентябрь 2026 23:15
Аскер кызматкерлеринин өлүмү: Жапаров Токаевге көңүл айтты
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров аскер кызматкерлеринин өлүмүнө алып келген кайгылуу окуяга байланыштуу Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевге көңүл айтты. 

“Каспий деңизинде аскердик машыгуу өткөрүү учурунда болгон кайгылуу окуянын кесепетинен Казакстан Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. 
Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, туугандарына жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам жана жабыр  тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.