Мамлекеттик ипотекалык компаниянын капиталы 87,5 млрд сомго жетти

Экономика Загрузка... 28 Октябрь 2025 11:10
1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 28.10.25. /Кабар/. Быйыл Мамлекеттик ипотекалык компаниянын капиталы 87,5 млрд сомго жетти. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Сузак районунун Багыш айыл аймагындагы “Асман-Резиденс-4” көп кабаттуу турак жай комплексиндеги батирлерди тапшыруу салтанатында билдирди.

Өлкө башчысы 2015-жылы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы – 10 млн сомду түзгөнүн эске салды.

"Бүгүнкү күндө Мамлекеттик ипотекалык компания мамлекеттин жеткиликтүү турак жай системасынын натыйжалуу жана туруктуу моделин көрсөтүп, миңдеген муктаж жарандарыбызды үй менен камсыз кылып, экономикалык өсүштү жана инфратүзүмдүн өнүгүшүн стимулдаштырууда.

Үй алуу үчүн арыздарды кабыл алуу санариптештирилип, “Түндүк” мобилдик тиркемесинин ишке киргизилиши кезектин автоматташтырылышына жана коррупциялык тобокелдиктерден арылууга өбөлгө түздү.

Азыркы учурда 13 миңден ашык үй-бүлө турак жай менен камсыз болуп, дагы 69 миңден ашык жаран мамлекеттик программалардын алкагында үй алуу үчүн өз кезегин күтүп жатышат", - деди президент.