Мамлекеттик ипотекалык компаниянын электрондук кезеги кандай иштейт?

Коом Загрузка... 13 Январь 2026 14:30
5415723086612466993.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Кабар

Бишкек, 13.01.26. /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын электрондук кезек тизмеси акыркы жолу 2025-жылдын сентябрь айында жаңыланган, бирок бул кезек «токтоп калды» дегенди билдирбейт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинин «Элден собол» программасынын түз эфиринде МИКтин калк менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси Гүлзат Тотубаева билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан санариптештирүүнүн алкагында ипотекалык программаларга катышуу шарттары кыйла жеңилдетилген. Эми электрондук билдирме тапшырып, программанын катышуучусу болуу үчүн «Түндүк» мамлекеттик тиркемесин колдонуу жетиштүү.

«Системада кезек автоматтык түрдө жаңыланып турат. Мисалы, эгер «Жеңилдетилген ипотека» багытында кезекте турган жаран башка багытка, айталы, «Үлүштүк курулуш» багытына өтүүнү чечсе, анда кезек ошол замат кайра жаңыланат», - деп белгиледи ал.

Эскерте кетсек, МИКтин расмий сайты бар, ал жерде кезекте турган жарандар тууралуу маалыматтар ачык жарыяланган.