Бишкек 11.07.25 /Кабар/. Күн мурун президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы Калый Молдобасанов көчөсүндө Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган жаңы турак жай комплексиндеги батирлердин ачкычтарын ээлерине салтанаттуу тапшырды.
Батирлүү болгондордун арасында үч кызын жалгыз тарбиялап жаткан Бишкек шаарынын тургуну Нургиза Абдраимова да бар.
Ал бул батирди тогуз жыл бою күтүп келген.
Кубанычын тең бөлүшкөн Нургиза Абдраимова буга чейин батирлеп жашап жүргөнүн, кээ бир учурларда батир ээлери жаш балдары бар деген шылтоо менен үйгө киргизбей койгон учурлар да болгонун айтат.
“Мага абдан жакты. Тогуз жыл бою күткөн кыялыма бүгүн жеттим. Батирдин ичинде мен каалаган бардык эмеректер бар экен", - дейт ал.