Бишкек, 07.08.25 /Кабар/. Эртең Каракол шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган 420 батирдин ачкычы ээлерине тапшырылат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, турак жай комплекси “Хан-Теңири” деп аталат. Ал 10 блоктон турат жана ар бири 9 кабаттуу. Буга чейин Каракол шаарында эң бийик көп кабаттуу батирлер 7 кабаттан гана турган. Караколдо алгачкы жолу 9 кабаттуу үй салынды.
Бул Каракол шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан берилип жаткан алгачкы батирлер.
Комплексте:
- 1 бөлмөлүү — 168 батир
- 2 бөлмөлүү — 168 батир
- 3 бөлмөлүү — 84 батир камтылган.
Турак жай комплексинин аймагында эки бала бакча, мектеп, откана жана башка ыңгайлуу жашоо үчүн объектилер каралган. Жылытуу системасы өзүнчө автономдуу отканадан камсыздалган.
Батирлердин жарымынан көбү социалдык категориядагы жарандар жана мамлекеттик кызматкерлер үчүн тизме боюнча берилсе, ал эми калганы алгачкы 50 пайыз төлөө шартында үлүштүк курулуштун негизинде берилет.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Каракол шаарынын башкы планын негизинде 30 гектардан ашуун аймакта 69 көп кабаттуу үй курулууда. Жалпы 3 миң 105 батир пландалган.
Долбоордун экинчи этабы эмдиги жылы ишке ашырылып, 2027-жылдын төртүнчү кварталында бүткөрүлөт деп пландалган.
Эске сала кетсек, Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан ушул тапта өлкөнүн ар кайсы аймактарында 62 миңден ашуун батир курулууда. Бул курулуштар 2030-жылга чейин аякталып, үй-бүлөлөргө ипотекалык негизде берилет.
Курулуш иштери өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлүүдө, анын ичинде:
- Бишкек шаарында – 17 миң 425 батир;
- Чүй облусунда – 17 миң 160;
- Ысык-Көл облусунда – 5 миң 115;
- Нарын облусунда – 433;
- Талас облусунда – 319;
- Ош облусунда – 4 миң 574;
- Ош шаарында - 1 миң 325;
- Баткен облусунда – 4 миң 272;
- Жалал-Абад облусунда - 11 миң 204.
Бул турак жайлардын жалпы аянты 4 млн чарчы метрден ашуун жана алардын болжолдуу сметалык наркы — 230 миллиард сомду түзөт.
Мамлекеттик ипотекалык компания бүгүнкү күндө “Менин үйүм” турак жай программасы аркылуу жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу максатында батирлерди үч багытта “Кийин сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен ижара” механизми аркылуу 25 жылга, алгачкы төлөмсүз, жылдык 4-8 пайыз менен берип жатат:
“Жеңилдетилген ипотека”
- баштапкы төлөмү жок;
- 25 жылга чейин, жылдык 4% менен;
- бюджеттик мекемеде иштеген жарандар үчүн;
“Социалдык ипотека”
- баштапкы төлөмү жок;
- 25 жылга чейин, жылдык 4% менен;
- көп балалуу үй-бүлөлөргө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана алардын камкорчуларына, айыл жеринде иштеген жаш адистерге жана жалгыз бой энелерге.
“Арзан ипотека”
- баштапкы төлөмү жок;
- 25 жылга чейин, жылдык 8% менен;
- жеке чөйрөдө иштеген жарандар үчүн.
"Үлүштүк курулуш"
- мында 50% баштапкы төлөм талап кылынат;
- 8% менен 15 жылга чейин берилет;
- бардык жарандарга жана мигранттарга жеткиликтүү.