Мамлекеттик гимндин долбоорун тандоо боюнча комиссиянын II отуруму өттү

Маданият 09 Апрель 2025 14:50
489440539_970407765250980_8255006632851522498_n (1).jpg
489342574_970407741917649_6709423259976803538_n.jpg
489415122_970408148584275_4753640530984848125_n.jpg
489436318_970408275250929_6004333682956556996_n.jpg
489443097_970408168584273_5216598507082150027_n.jpg
489464497_970407735250983_4383260533913265755_n.jpg
489669401_970407965250960_5805357372044914827_n.jpg
489752445_970408298584260_8005811886920415526_n.jpg
489811666_970408188584271_2003722397168988864_n.jpg
489857224_970407768584313_6812176879028077781_n.jpg
489862418_970407691917654_2027191946938749471_n.jpg
489933467_970408348584255_4835534873056564495_n.jpg
490098338_970407985250958_8593246993075271883_n.jpg
490139838_970408378584252_3082161548244530038_n.jpg
490167122_970407788584311_6919494401316450188_n.jpg
490283386_970407905250966_6862502135189065141_n.jpg
490382052_970408045250952_9207619441143727221_n.jpg
490535860_970408005250956_4565134448509441249_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 09.04.25. /Кабар/. Бүгүн Кыргыз улуттук “Манас” театрынын чоң залында КР Мамлекеттик гимнинин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциядагы мыкты долбоорун тандоо боюнча комиссиянын 2-отуруму өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты маалымдады.

Отурумда алгач министр Мирбек Мамбеталиев баяндама жасап, министрликке тапшырылган иштердин аткарылышы тууралуу маалымат берди. Ошондой эле жободогу талаптар менен кыскача тааныштырды.

Андан соң сынакка келип түшкөн долбоорлор комиссиянын кароосуна коюлду.

Министр комиссиясынын мүчөлөрүнүн кароосуна киргизилген долбоорлорго объективдүү, эркин баа берүүгө шарт түзүү, кызыкчылыктардын кагылышын алдын алуу максатында бардык долбоорлорго шифр берилгенин белгилеп, тандоодо калыстыкты сактоо жана бардык талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк берүү боюнча көрүлгөн чараларга токтолду.

Ошондой эле комиссиянын мүчөлөрүнүн кесипкөйлүгү жана тандалган долбоорлорду ар тараптуу талдоо мүмкүнчүлүгү бул сынактын сапаттуу өтүшүнө өбөлгө болорун белгиледи.

Комиссия мүчөлөрү келген долбоорлорду угуп, мазмундук, музыкалык жана поэтикалык жактан эң татыктууларын иргеп алуу боюнча сунуштарын беришип, отурум суроо-жооп жана талкуу менен уланды.

Долбоорлорду кароо эртең, 10-апрелде да уланат.

Маалымат үчүн: Маданият министрлигиндеги түзүлгөн техникалык топ тарабынан комиссия мүчөлөрүнө 90 толук долбоор (тексти, музыкасынын партитурасы, коштоосу менен), 3 ырдын тексти, музыкалык коштоо менен, 3 ырдын тексти, музыкасынын партитурасы менен, 2 музыкасы гана (нота) (1 партитура, 1 партитура үн коштоо), 10 ырдын тексти, музыкалык аспапсыз үн коштоосу менен, 177 ырдын тексти гана өткөрүлүп берилди.