9 айда мамлекеттик бюджет 93,4 млрд сом профицит менен жыйынтыкталды

Экономика Загрузка... 03 Декабрь 2025 17:07
03_1_OuHT64N.2e16d0.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. Ушул жылдын январь-сентябрь айларында Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын маалыматы боюнча, мамлекеттик бюджет 93 млрд 407 млн сом профицит (кирешенин чыгашадан ашып кетиши) менен аткарылган.

Улуттук статистика комитетинин материалдарында айтылгандай, бул ИДПнын 7,5 пайызына туура келет.

Кирешелер

Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө түшкөн каражаттар, анын ичинде финансылык эмес активдерди сатуудан түшкөн каражаттар, олуттуу өсүштү көрсөттү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кирешелер 138 077,9 млн сомго, же 41,3 пайызга көбөйүп, 472 070,8 млн сомго жетти, бул ИДПнын 38,1 пайызын түзөт.

Чыгашалар

Мамлекеттик бюджеттин чыгашалары, анын ичинде финансылык эмес активдерди сатып алууга кеткен чыгымдар да өстү. Январь-сентябрь айларында алар 92 496,8 млн сомго (+32,3% ) көбөйүп, 378 663,8 млн сомду, же ИДПнын 30,5 пайызын түздү.

Бюджеттин аткарылышындагы профицит кирешенин чыгаша бөлүгүнө салыштырмалуу алдыга озуп өсүшү жана ушул жылы мамлекеттин фискалдык позициясынын (экономикалык абалынын) бекемделиши менен түшүндүрүлөт.