Бишкек 04.07.25 /Кабар/. Кытай өнүккөн өлкө катары өзүнүн башкаруу системасына санарип технологияларды толугу менен киргизип алды. Кыргызстан дагы бул өнөктөш өлкөнүн тажрыйбасын колдонуп, санариптештирүүнүн натыйжалуулугун жогорулата алат. Мындай ойду бүгүн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) кезектеги конференциясында юстиция министри, президентке караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун директору, минкаб төрагасынын орун басары Аяз Баетов айтты.
Министрдин айтымында жогоруда аталган илимий-практикалык конференция жыл сайын өткөрүлүп, эң актуалдуу темалардын негизинде талкуулар жүргүзүлүп, мүчө мамлекеттердин тажрыйбасындагы эң мыкты практикалар талкууланып келет. “Бул жолку конференция уюмдун 2026-жылы боло турган 25 жылдыгын утурлай, “Шанхай деми: ШКУнун алкагындагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын жана туруктуу өнүгүүнүн көпүрөлөрү” деп аталды.
Бул жолку тематикасы мамлекеттик кызматты, мамлекеттик башкарууну натыйжалуу жүргүзүү жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдөө менен тыгыз байланыштуу болмокчу. Айрыкча быйыл президенттин тапшырмасы менен Улуттук стратегиялык демилгелер институтуна мамлекеттик кызмат системасын дебюрократиялаштыруу боюнча өзгөчө милдет жүктөлгөндүктөн, бул иш-чара өз кезегинде мамлекеттик кызматтын натыйжалуулугун жогорулатууга жана жарандарга кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга түрткү берет.
Маалымат үчүн: Шанхай кызматташтык уюму - 2001-жылы түзүлгөн эл аралык уюм, Евразиядагы өлкөлөрдүн аймактык коопсуздугун, туруктуу өнүгүүсүн жана көп тараптуу кызматташуусун камсыздоону максат кылат. Уюмга Орусия, Кытай, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Иран жана башка байкоочу өлкөлөр кирет. ШКУ саясий, экономикалык жана коопсуздук жаатындагы маселелерди биргелешип чечүүнү көздөйт.