Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. 30-июнга карата 600дөн ашык жаран 127 млн сом суммасындагы мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргыз фондулук биржасынын башкы директорунун орун басары Мыктыбек Абиров билдирди.
Анын айтымында, Финансы министрлигинин тескемесине ылайык, жалпысынан 500 млн сом өлчөмүндөгү мамлекеттик баалуу кагаздар сатыкка чыгарылат.
17-июнда биринчи ирет 100 млн сомдук кагаздар Кыргыз фондулук биржасынын аянтчасына жайгаштырылган. Учурда дагы 100 млн сомдук баалуу кагаздар чыгарылды.
Бүгүнкү күндө Кыргыз фондулук биржасы “Мегаком” компаниясы менен биргеликте “MegaPay” мобилдик тиркемеси аркылуу мамлекеттик баалуу кагаздарды сунуштоодо.
“Жалпысынан 500 млн сомду түзгөн мамлекеттик баалуу кагаздар биринин артынан бири улам биздин аянтчага жайгаштырылат. Жакында үчүнчү 100 млн сомдук баалуу кагаздар чыгарылат. Бул мамлекеттик баалуу кагаздарды кыргызстандыктар гана сатып ала алат. Финансы министрлиги жана министрлер кабинети акча табуу максатында эмес, биздин жарандарга жаңы инструментти сунуштоо максатында баалуу кагаздарды чыгарып жатат. Ошого байланыштуу пайыздык чени жогору болууда”, - деди ал.