Өткөн айда Финансы министрлиги Кыргыз фондулук биржасынын аянтчасында калк үчүн жалпы суммасы 500 млн сомду түзгөн мамлекеттик баалуу кагаздарды сатыкка чыгарууну баштаган. Мамлекеттик баалуу кагаздар эки жылдык мөөнөткө, жылдык 17 пайыздык киреше менен жүгүртүүгө берилүүдө. Учурда жарандар "MegaPay" мобилдик тиркемеси аркылуу мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алышууда. "Кабар" агенттиги мамлекеттик баалуу кагаздардын артыкчылыгы жана анын жарандардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга тийгизген таасири тууралуу кеңири маалымат берет.

Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногу жылдан-жылга өнүгүүдө. Жарандар бул рынокко кызыгып, инвестиция салууга басым жасай башташты. Анткени мамлекеттик баалуу кагаздар киреше алып келе турган инструменттердин бири болуп саналат. Кыргыз фондулук биржасы аркылуу Финансы министрлиги жарандардын жаңы финансылык инструменттерге жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында сатыкка 500 млн сом өлчөмүндөгү мамлекеттик баалуу кагаздарды июнь айынын орто ченинде чыгарып баштаган. 30-июнга карата 600дөн ашык жаран 127 млн сом суммасындагы мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргыз фондулук биржасынын башкы директорунун орун басары Мыктыбек Абиров билдирди.

Анын айтымында, Финансы министрлигинин тескемесине ылайык, жалпысынан 500 млн сом өлчөмүндөгү мамлекеттик баалуу кагаздар сатыкка чыгарылат. 17-июнда биринчи ирет 100 млн сомдук кагаздар Кыргыз фондулук биржасынын аянтчасына жайгаштырылган. Учурда дагы 100 млн сомдук баалуу кагаздар чыгарылды. Бүгүнкү күндө Кыргыз фондулук биржасы “Мегаком” компаниясы менен биргеликте “MegaPay” мобилдик тиркемеси аркылуу мамлекеттик баалуу кагаздарды сунуштоодо.

“Жалпысынан 500 млн сомду түзгөн мамлекеттик баалуу кагаздар биринин артынан бири улам биздин аянтчага жайгаштырылат. Жакында үчүнчү 100 млн сомдук баалуу кагаздар чыгарылат. Бул мамлекеттик баалуу кагаздарды кыргызстандыктар гана сатып ала алат. Финансы министрлиги жана министрлер кабинети акча табуу максатында эмес, биздин жарандарга жаңы инструментти сунуштоо максатында баалуу кагаздарды чыгарып жатат. Ошого байланыштуу пайыздык чени жогору болууда”, - деди ал.
“MegaPay” тиркемесинен мамлекеттик баалуу кагаздарды кантип сатып алууга болот?

“MegaPay” мобилдик тиркемесин жарандар уюлдук телефонуна жүктөп алып, каттоодон өтүшү керек. Бул аралыктан идентификациядан өтүүнү билдирет. Жаран өзү тууралуу маалыматтарды тастыктагандан кийин, мобилдик капчыгын акча каражаты менен толукташы шарт. Андан соң мобилдик тиркемедеги “Мега инвестиция” деген баракчага өтүп, мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып ала алат.

- Бир баалуу кагаздын баасы – 100 сом. Бир адам кеминде 1000 сомго он баалуу кагаз сатып алууга туура келет;
- Максималдуу көлөмү – 10 млн сомго жетет;
- Баалуу кагаздар эки жылдык мөөнөткө жүгүртүлөт;
- Пайыздык чени 17 пайызды түзөт.
Баалуу кагаздар рыногунда мындай пайыздык көрсөткүч менен коопсуз баалуу кагаздар жок десек болот. Анткени буга мамлекет кепилдик берип жатат.
“Мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу жөнүндө каттоолор брокердик компаниянын ичинде жүргүзүлөт. Ал эми “MegaPay” мобилдик тиркемесинде жаранга отчёт берилип, балансында баалуу кагаздар көрсөтүлүп турат. Мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча пайыздык чен бир жылда төрт жолу төлөнөт. Бир жылдык 17 пайызы менен төрткө бөлүнүп, ар бир үч ай сайын 25 пайыздан төлөнүп турат. Киреше ар бир жарандын эсебине которулуп турат”, - деди Мыктыбек Абиров.
Жарандар акча каражаты керек болуп калса, эмне кылуу керек?
Эгерде акча керек болуп калса, мамлекеттик баалуу кагаздарды кайра эле сатып жиберүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Жакын арада “MegaPay” мобилдик тиркемеси аркылуу баалуу кагаздарды кайра сатыкка чыгаруу функциясы иштелип чыгат. Бул багытта азыр Кыргыз фондулук биржасы иш алып барууда.

Коопсуздук жагын айтканда, мында “MegaPay” кепилдик берет. Ошондуктан Кыргыз фондулук биржасынын аянтчасында жайгаштарылган мамлекеттик баалуу кагаздар “MegaPay” мобилдик тиркемеси аркылуу гана сатылып жатат.

Кыргызстанда буга чейин юридикалык жактар: банктар, камсыздандыруу компаниялары жана башка ушул багытта иштеген финансылык компаниялар көбүнчө алып жүрүшкөн. Анткени кепилдиги жана пайыздык чени жогору. Эми жарандарды мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алып, инвестиция кылууга мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат. Ага жараша жаңы мамлекеттик кагаздар чыгарылууда. Бул финансылык сабаттуулукту жогорулатууга жасалган кадамдардан десек да болот. Жарандар баалуу кагаздарды сатып алып, киреше топтоп иштеп көргөндөн кийин баалуу кагаздар рыногуна да көңүл бура башташат дешет экономисттер.