Мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген. "Бишкексветтин" кызматкерлери кармалды

Укук тартиби Загрузка... 08 Декабрь 2025 17:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon УКМК

Бишкек, 08.12.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкексвет" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Текшерүүдө мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн биринин кызматкерлери тарабынан Ч. Айтматов атындагы шаардык паркты жакшыртуу үчүн жарыктандыруу мамыларын сатып алуу учурунда көптөгөн мыйзам бузуулар катталган.

Тактап айтканда, "Атайлап пайдасыз келишим түзүү" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 5-декабрда "Бишкексвет" МИнин кызматкерлери подрядчы менен алдын ала сүйлөшүп, атайылап пайдасыз келишим түзүшкөнү аныкталган. Натыйжада өзгөчө ири өлчөмдө каражаттарды өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Тергөөдөн соң "Бишкексвет" МИнин директору Т.Э.Т.га, башкы инженер И.Э.И.ге жана "ТС" ЖЧКсынын директору Н.Р.А.га кармалып, УКМКнын штаб-квартирасынын тергөө абагына камалышты.