Мамлекетке 400 млн сом салык карызы бар ишкер изделүүдө

Укук тартиби Загрузка... 19 Сентябрь 2025 16:45
547955607_1080458910926082_3993685293026537455_n.jpg
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 19.09.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы мамлекетке 400 млн сом карызы бар "НОМОС" ЖЧК компаниясынын уюштуруучусун издөөдө.

Маалыматка ылайык, аталган компания тарабынан салык мыйзамдарын одоно бузуу жана мамлекетке олуттуу зыян келтирүү фактылары аныкталган.

Салык кызматы миллиондогон долларлык салык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн аталган компаниянын уюштуруучусун издейт.

Компаниянын негиздөөчүсү Токтосунова Асия Адылбековна болуп саналат. Ал бүгүнкү күндө салык органдары тарабынан изделип жатат.

"2024-жылдын август айында катталган аталган ишкана кыска мөөнөттүн ичинде Кыргызстандын аймагына 3 млрд 506 млн 184 миң 546 сом суммасындагы азык-түлүк товарларын (ананас, жүзүм, дарбыз, апельсин ж.б.) алып келген.

Бирок, расмий салыктык отчетунда бул товарларды андан ары сатуу жөнүндө эч кандай маалымат жок. Натыйжада 400 млн сом өлчөмүндө салык төлөбөй коюу коркунучу пайда болду", - деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, А.Токтосунованын атына дагы беш компания катталган. Алардын бир бөлүгү үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды импорттоо менен да алектенери кошумча аныкталган. Бул фирмалардын биринин дагы ишкердиктин белгилери жөнүндө маалыматтары жок жана өлкөнүн бюджетине бир да сом салык төлөгөн эмес.

Салык кызматы А.Токтосунова жалган адам болушу мүмкүн же анын жеке маалыматтары уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан салык төлөөдөн качуу жана каражаттарды жүгүртүүдөн чыгаруу үчүн пайдаланылып жатат деген версияны карап жатат.

Белгилей кетсек, Салык кызматы мындай схемалар экономика үчүн чоң жоготууларды жаратып, адилеттүү атаандаштыкты жокко чыгарып, өлкөнүн ар бир жаранына зыян келтирип жатканын билдирет.

Салык кызматы Токтосунова Асия Адылбековнаны (0312) 62-11-52 телефону же salyk@salyk.kg электрондук почтасы аркылуу байланышка чыгууну суранат.