Мамлекет жыл сайын социалдык төлөмдөргө 8,6 млрд сом жумшайт

Экономика Загрузка... 03 Декабрь 2025 18:44
2021-05-31_11-58-04_937817.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. Мамлекет жыл сайын социалдык төлөмдөргө 8,6 млрд сом жумшайт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаевдин 3-декабрь - Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүнө карата кайрылуусунда айтылат.

Анын маалыматына караганда, министрлик тарабынан камсыздалган социалдык кепилдиктердин ичинен майыптыгы бар адамдарга төлөнүүчү социалдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү 6344 сомду түзөт.

"Ал эми балдардын социалдык жөлөк пулунун өлчөмү 8 000 сом. Мамлекет жыл сайын социалдык төлөмдөргө 8,6 миллиард сом багыттайт", - деди министр.