Мамлекет пенсиялык камсыздоонун деңгээлин жогорулатууга чоң көңүл бурууда

Аналитика Загрузка... 25 Июль 2025 15:51
WhatsApp_Image_2025_fYfRUlL.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Советтер союзу тарагандан кийин мурдагы союздук республикалардын көбү олуттуу экономикалык кыйынчылыктарга туш болушкан. Эң курч көйгөйлөрдүн бири пенсияларды төлөө маселеси болгон. Ошол мезгилдеги экономикалык кризис өндүрүштүн кыскарышына, инфляциянын жана жумушсуздуктун өсүшүнө алып келип, мамлекеттик бюджеттерге жана социалдык төлөмдөрдү каржылоо мүмкүнчүлүгүнө терс таасирин тийгизген.

Социалдык коргоонун эски системалары талкаланып, жаңылары пайда боло элек учурда, көп адамдар, айрыкча пенсионерлер каражатсыз калышкан.

Кыргызстан социалдык багыттагы мамлекет катары пенсионерлердин алдындагы милдеттенмелерин аткаруу кыйынга турду. Бирок, ошондой кырдаал түзүлсө дагы, пенсиялар жана жөлөкпулдар баары бир төлөнүп турду. Анын өлчөмү өлкөнүн бюджетине жараша болчу.

Бүгүн Кыргызстанда экономикалык өсүш шартында пенсияларды жана жөлөк пулдарды көбөйтүү боюнча кадамдар жасалып, жарандарды социалдык жактан коргоону жакшыртууга аракеттер көрүлүүдө.

2024-жылы пенсияларды жогорулатуунун эки этабы жүргүзүлгөн. 1-июлдан тартып пенсиянын базалык бөлүгү 3 170 сомго чейин көбөйтүлдү, бул 98 миңдей пенсионерге тиешелүү. 1-октябрдан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 18 пайызга, бирок 1 000 сомдон кем эмес жогорулатылды. Базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн жогорулатуудан тышкары, пенсиялар баалардын өсүшүн компенсациялоо үчүн индексацияланат. Пенсиялык төлөмдөрдөн тышкары мамлекет калктын социалдык жактан аялуу катмарын социалдык жөлөк пулдар системасы аркылуу колдойт.

Кыргызстанда башка көп өлкөлөрдөй эле топтомо пенсия системасы бар, анда иштеген жарандар айлык акысынын бир бөлүгүн Социалдык фондго чегерет. Бул каражаттар пенсияга чыкканда бир жолку төлөм же бөлүп төлөө түрүндө алынышы мүмкүн.

Быйыл 1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү мурда айтылгандай 7 пайыз эмес, 10 пайыз индексацияланат. Пенсионерлер үчүн жагымдуу болгон мындай жаңылыкты "Кабар" агенттигине Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиев билдирди.

"Көбөйүү орточо эмгек акынын жана 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча керектөө бааларынын индексинин өсүшүнө байланыштуу, ошондой эле пенсионерлердин жашоо деңгээлин андан ары колдоого багытталган. Жогоруда айтылгандай, пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрү 10 пайызга көбөйтүлөт, бирок 600 сомдон кем эмес, ал эми камсыздандыруу бөлүктөрү 50 миң сомдон ашкан пенсиялар үчүн көбөйтүүнүн өлчөмү 5 миң сомду түзөт.

Ошондой эле КР Конституциясынын 44-беренесин аткаруу максатында, 2025-жылдын 1-октябрынан тартып кайрадан дайындалган пенсиялардын жалпы өлчөмү үстөктөрдү эске алуу менен 7 100 сомдон кем болбошу сунушталат (2024-жылга карата жашоо минимуму 7 064 сомду түздү), "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" КР мыйзамында каралган учурлар буга кирбейт.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, индексациядан кийин республика боюнча пенсиянын орточо өлчөмү 11 226 сомду түзөт жана жогорулатуу 818 миңден ашуун пенсионерди камтыйт",- дейт Бахтияр Алиев.

Мамлекет пенсияларды мындан ары дагы көтөрүүнү караштырууда, ошондой эле пенсионерлердин жашоо шартын жакшыртуу боюнча чараларды көрүүдө. Себеби, акыркы жылдарда мамлекеттин экономикалык туруктуулугу карылык курактагы калкты социалдык жактан камсыз кылуу үчүн пенсиялык системанын маанилүүлүгүн кеңири түшүнүү пайда болгонун белгилейт Соцфонддун төрагасы.

"Он жылдан ашык убакыттан бери пенсиялык система каржылык жактан туруктуу жана пенсионерлерге татыктуу колдоо көрсөтүп келет. Пенсионерлер өлкө калкынын 11 пайызынан бир аз көбүрөөгүн түзөт, ал эми карылык боюнча пенсиялык камсыздоо системасы пенсия курагынан өткөн дээрлик бардык адамдарды камтыйт, мында орточо пенсия пенсионерлер үчүн иш жүзүндөгү жашоо минимумунан дээрлик 1,5 эсеге жогору. Пенсиялык чыгымдар ИДПнын болжол менен 8 пайызын түзөт, бул жан башына кирешеси окшош өлкөлөр үчүн жогорку көрсөткүч болуп саналат", - дейт Бахтияр Алиев.

Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасы социалдык секторго тиешелүү бир катар багыттарды камтыйт. Негизги максаттары калктын жашоо сапатын жогорулатуу, адамдык капиталды өнүктүрүү, социалдык коргоону камсыз кылуу жана коомдук саламаттыкты чыңдоо болуп саналат.

Программа социалдык коргоо системасын кеңейтүүгө багытталган, анын ичинде аялуу катмарларды колдоо, пенсиялык камсыздоону жогорулатуу, даректүү социалдык жардам программаларын өнүктүрүү жана ишке орношууга көмөктөшүүгө багытталган.

"Ушуга байланыштуу Соцфонд пенсиялык системаны 2040-жылга чейин реформалоого багытталган кийинки стратегиялык документти иштеп чыгууга киришет. Пенсиялык системаны өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууда биз кызыкдар тараптардын баарын, анын ичинде коомдун, мамлекеттик органдардын, парламент депутаттарынын жана бир катар илимий институттардын өкүлдөрүн камтыган кеңири жумушчу топ түзүүнү пландаштыруудабыз. Анткени, мындай маанилүү иш бардык тараптардын пикирин эске алууну, ошондой эле жаңылыктардын илимий негиздүүлүгүн болжолдойт", -дейт Бахтияр Алиев.

Ошентип, Кыргызстан экономикалык өсүш шартында пенсия маселесин чечүүгө аракет жасап, пенсиялык камсыздоонун деңгээлин жогорулатууга чоң көңүл бурууда.