Бишкек, 30.06.25. /Кабар/. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 29-июнда Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар тоо-кен ишканаларынын айрым акциялары мамлекеттин менчигине өткөнүн билдирди.
Анын айтымында, «Фулл Голд Майнинг» компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерүүдө одоно мыйзам бузуулар аныкталган. Натыйжада учурда компаниянын 30% үлүшүн мамлекеттин менчигине өткөрүү процесси жүрүп жатат. Ошондой эле компания 20 миллион АКШ доллары (1,7 миллиард сомго жакын) суммасында компенсация төлөгөн.
Мындан тышкары жакынкы аралыкта мамлекеттин үлүшүн дагы бир компанияга – Vertex Goldга өткөрүп берүү пландалууда.
"Биз акциялардын кеминде 30-40% мамлекетке өтөт деп күтүп жатабыз. Мыйзам бузуулар аныкталгандан кийин пайданын бир бөлүгү калктын муктаждыктарына жумшалат. Башка жол жок - антпесе жөн эле элди тоноп кетишет", - деди УКМКнын башчысы.
Ал белгилегендей, Чаткал районунда кен казып жаткан бардык ишканалар масштабына карабастан, атайын кызматтын көзөмөлүндө болот.
«Алар канча иштеп, кандай салык төлөп, мамлекетке кандай үлүш калтырып жатканын түшүнүү керек», - деп кошумчалады Ташиев.