Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кенже кызмат орундарына талапкерлерди тандоонун жаңы механизми ишке киргизилди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин кадр саясаты башкармалыгынын башчысы Мыктыбек Өмүрзаков билдирди.
Анын айтымында, жаңы система коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга жана адам факторун минималдаштырууга багытталган.

"Мурда ар бир мамлекеттик орган сынакты өз алдынча өткөрүп, кызматкерлерди өзү дайындачу. Азыр кенже кызмат орундарына сынакты мамлекеттик агенттик электрондук система аркылуу өткөрөт. Компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгында талапкерлердин бирдиктүү резерви түзүлөт", - деди ал.
Өмүрзаков белгилегендей, жаңы система боюнча сынактын жыйынтыгынан кийин эң жогорку упай алган үч талапкер автоматтык түрдө тандалып, тиешелүү мамлекеттик органга сунушталат. Эгер сунушталган талапкерлердин бири да тандалбаса, система рейтингге ылайык кийинки талапкерлерди чыгарат. Мындай ыкма кызматка тааныш-билиш аркылуу кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн жоюп, тандоону талапкерлердин көрсөткүчтөрүнө гана негиздейт.
"Азыр кимдир бирөөнү тааныштык менен жумушка алуу мүмкүн эмес. Тандоо толугу менен рейтингдин негизинде жүргүзүлөт", - деди ал.
Ошондой эле талапкерлерди тестирлөө толугу менен автоматташтырылганын белгиледи. Система веб-камера жана биометрикалык маалыматтар аркылуу талапкердин өздүгүн аныктап, андан кийин гана тесттик тапшырмаларды ачат.
"Тест аяктары менен жыйынтык автоматтык түрдө чыгарылат: туура жооптор жашыл түс, туура эмес жооптор кызыл түс менен белгиленет. Бул процесске сырттан кийлигишүүгө мүмкүнчүлүк жок. Мындан тышкары, тесттен ийгиликтүү өткөн талапкерлер маектешүүдөн өтүп, алардын жеке сапаттары жана лидерлик жөндөмдөрү бааланат", - деди ал.