Мамкатчы: Окуу китептеринде улуттук баалуулуктар камтылышы керек

Коом Жүктөлүүдө... 09 Июль 2026 19:30
IMG_4657.jpeg
IMG_4658.jpeg
IMG_4659.jpeg
IMG_4660.jpeg
IMG_4663.jpeg
IMG_4662.jpeg
IMG_4661.jpeg
IMG_4664.jpeg
IMG_4667.jpeg
IMG_4666.jpeg
IMG_4665.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_4657.jpeg
IMG_4658.jpeg
IMG_4659.jpeg
IMG_4660.jpeg
IMG_4663.jpeg
IMG_4662.jpeg
IMG_4661.jpeg
IMG_4664.jpeg
IMG_4667.jpeg
IMG_4666.jpeg
IMG_4665.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 09.07.26. /Кабар/. Бүгүн,9-июлда Агартуу министрлиги жана министрликке караштуу “Окуу китеби” мамлекеттик мекемеси уюштурган эки күндүк тегерек столдун алкагында кыргыз тили, география жана тарых предметтери боюнча жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстердин мазмундук негиздери талкууланды.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев катышып, билим берүү мазмунун жаңылоодо мамлекеттик тилди өнүктүрүү, улуттук баалуулуктарды бекемдөө, тарыхый эс тутумду сактоо жана жаш муундун мекенчилдик аң-сезимин калыптандыруу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары экенин белгиледи.

Тегерек столдун жүрүшүндө 12 жылдык жалпы билим берүү моделине ылайык жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгуунун мазмундук жана идеологиялык негиздери талкууланды. Катышуучулар кыргыз тили, география жана тарых предметтеринин мазмунун өркүндөтүү, окуу материалдарынын илимий негиздүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, ошондой эле функционалдык сабаттуулукту жана компетенттүүлүккө негизделген окутууну өнүктүрүүгө багытталган сунуштарды карашты.

Жыйынтыгында жаңы окуу китептеринин мазмуну өлкөнүн билим берүү саясатынын артыкчылыктарына, улуттук кызыкчылыктарга жана заманбап билим берүү талаптарына шайкеш келүүгө тийиш экендиги белгиленди.