Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин Кыргызстанга расмий сапар менен келди — Кабар

Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Саясат 19 май 2025 08:00
image3.jpg
IMG_1118.jpeg
image2.jpg
image5.jpg
image6.jpg
Алдыга
Артка
image3.jpg
IMG_1118.jpeg
image2.jpg
image5.jpg
image6.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 19.05.25. /Кабар/. Күн мурун Россиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

Парламенттен билдиришкендей, жогорку даражалуу конокту «Манас» эл аралык аба майданынан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жана Россия Федерациясы менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Элдар Сулайманов тосуп алды. 

Сапардын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен Вячеслав Володиндин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү белгиленген. Ошондой эле Мамлекеттик Думанын төрагасы Бишкек шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин көчмө жыйынына катышат.