Мамдуманын депутаты мигранттардын укуктары боюнча акыйкатчы институтун түзүүнү сунуштады

Коом Загрузка... 15 Апрель 2025 17:44
2016004.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 15.04.25. /Кабар/. Россиянын Мамлекеттик Думасынын КМШ иштери боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Константин Затулин мигранттар жана чет элдик жарандардын укуктары боюнча акыйкатчы институтун түзүү демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу ал өлкөдө мигранттарга каршы риториканын күчөп жатканына байланыштуу "Москва сүйлөйт" радиосуна берген маегинде айтты.

Депутаттын айтымында, учурда мигранттарды кабыл алуу жана алардын абалын көзөмөлдөө системасы коррупцияга, өзүм билемдикке өбөлгө түзөт. Ал эмгек мигранттары бир катар чиновниктердин жана абийирсиз структуралардын "саан уюна" айланганын баса белгиледи.

"Биз өзүбүздүн өлкөдө ксенофобия менен алектенүү менен евразиялык интеграцияны өнүктүрө албайбыз", - деген Затулин миграциялык саясатка адилеттүү жана цивилизациялуу мамиле жасоого чакырды.

Ошондой эле ал мигранттарга каршы толкун айрым саясатчылар тарабынан популисттик максатта колдонулуп жатканын жана улуттар аралык тирешүүнүн күчөшүнө алып келерин кошумчалады.