Маматканов Жүрөк хирургиясы институтундагы создуктурулган ишти сынга алды

Министрлер кабинети 1 октябрь 2026 11:00
6abcffcde9c42 (1).jpeg
6abcffd9aa497.jpeg
6abcffd9a324e.jpeg
6abcffd9777ac.jpeg
6abcffd931386.jpeg
6abcffd8b2c15.jpeg
6abcffd893c25.jpeg
6abcffd8876c0.jpeg
6abcffce64b02.jpeg
6abcffce4072f.jpeg
6abcffcdf05aa.jpeg
6abcffcde9c42.jpeg
6abcffcdc393d.jpeg
Алдыга
Артка
6abcffcde9c42 (1).jpeg
6abcffd9aa497.jpeg
6abcffd9a324e.jpeg
6abcffd9777ac.jpeg
6abcffd931386.jpeg
6abcffd8b2c15.jpeg
6abcffd893c25.jpeg
6abcffd8876c0.jpeg
6abcffce64b02.jpeg
6abcffce4072f.jpeg
6abcffcdf05aa.jpeg
6abcffcde9c42.jpeg
6abcffcdc393d.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун (ЖХОТИИИ) жамааты менен жолугушту.

Минкаб төрагасынын орун басары медициналык мекемеге барып, аяктоо алдында турган оңдоо иштеринин жүрүшү менен, анын ичинде компьютердик томографты жана ангиографиялык жабдууларды орнотуу пландаштырылып жаткан жайлар менен таанышты. Ал аталган иштердин аяктоосунун жана жабдууларды орнотуу үчүн жайды даярдоонун создуктуруп жаткандыгына карата сын айтты.

Андан ары Улан Маматканов саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жана ЖИЖЖОИИИнин жетекчилиги менен биргеликте мекеменин жамааты менен суроо-жооп форматында жолугушуу өткөрдү.

Ведомствонун кызматкерлери өздөрүнүн сунуштарын айтып, өздөрүн кызыктырган суроолорду беришти. Жолугушуунун жүрүшүндө медициналык мекеменин ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери, иштөө шарттары жана медициналык жардамды уюштуруу талкууланды. 

Минкаб төрагасынын орун басары Улан Маматканов ЖХОТИИИнин жетекчилигин башкаруу чечимдерин ыкчам кабыл албагандыгы, айрым маселелерди кароону создуктургандыгы жана тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөөнүн начардыгы үчүн сынга алды.

"Чечимдерди ыкчам кабыл алууну, жетекчилердин жеке жоопкерчилигин жана коюлган милдеттердин аткарылышын туруктуу көзөмөлдөөнү камсыз кылуу зарыл. Медициналык мекеменин натыйжалуу ишмердүүлүгүн камсыз кылуу, медициналык адистердин иштеши үчүн тиешелүү шарттарды түзүү жана бейтаптарга сапаттуу жана өз убагында медициналык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу керек", – деп баса белгиледи министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Жолугушуунун жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары белгиленген маселелерди чечүү жана медициналык мекеменин мындан аркы натыйжалуу ишин камсыз кылуу боюнча Саламаттык сактоо министрлигине жана ЖХОТИИИнин жетекчилигине бир катар тапшырмаларды берди.