Бишкек, 01.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 109 мамлекеттин өкүлдөрү катышып жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборунда өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, быйылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары спорт, маданият жана илим багыттарын камтып, спорттук программага этноспорттун 42 түрү киргизилген. Мелдештерге жалпысынан 3 миңге жакын спорттук делегациянын өкүлдөрү катышууда.
“2014-жылы Кыргызстанда өткөн алгачкы Көчмөндөр оюндарына 19 мамлекет катышкан. Быйыл VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 109 мамлекеттин өкүлдөрүн бириктирди. 19 мамлекеттен башталган кыргыз демилгеси бүгүн дүйнөлүк масштабдагы кыймылга айланды”, — деди ал.
Маматканов белгилегендей, оюндардын маданий программасына 65 мамлекеттен 430дан ашык чыгармачыл топтун өкүлдөрү катышып, алты күндүн ичинде 800дөн ашык маданий иш-чара өткөрүлөт.
Мындан тышкары, илимий программада “Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги” аттуу эл аралык конференция өтүп, ага 28 мамлекеттен 160тан ашык окумуштуу жана эксперт катышат.
Ал ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырууга миңден ашык журналист, блогер, медиа өнөктөш жана телеканалдардын өкүлдөрү тартылганын, алардын 200дөн ашыгы чет өлкөлүк журналисттер экенин маалымдады.
Белгиленгендей, Көчмөндөр оюндардын негизги иш-чаралары Ысык-Көл облусундагы 8 локацияда өтүп жатат. Алардын катарында Чолпон-Атадагы ат майданы, көк бөрү аренасы, “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борбору, “Рух Ордо” маданий борбору, “Дордой-Номад” маданий-этнографиялык борбору, Кырчын жайлоосу, Курманжан датка атындагы Көчмөн цивилизация борбору жана “Евразия” эс алуу борбору бар.
Маматкановдун айтымында, оюндардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Координациялык штаб түзүлүп, коомдук тартип, медициналык тейлөө, энергетика, транспорт, байланыш, өрт коопсуздугу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу кызматтары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.
Ошондой эле оюндарга атайын даярдыктан өткөн 700 ыктыярчы тартылды. Кырчын жайлоосуна баруучу жалпы узундугу 35 чакырым болгон Семеновка–Ак-Суу жана Григорьевка–Көл-Кашка-Суу жолдоруна асфальт төшөлүп, көпүрөлөр салынган.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышы 31-августта Бишкек шаарындагы “Бишкек Арена” стадионунда өттү. Негизги спорттук, маданий жана илимий иш-чаралар 6-сентябрга чейин уланат.