Ысык-Көл, 01.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көчмөн цивилизациясынын миң жылдык тарыхын жана маданий мурасын дүйнөгө таанытууга чоң мүмкүнчүлүк түзүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда “Көчмөндөр жаңырыгы” эл аралык этно-ыр фестивалынын ачылыш аземинде билдирди.
Ал өз сөзүндө кечээ, 31-августта президент Садыр Жапаровдун жана жогорку даражалуу делегациялардын катышуусунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына расмий старт берилгендигин жана бүгүндөн тартып негизги спорттук, маданий жана илимий иш-чаралар Ысык-Көлдө өтүп жаткандыгын маалымдады.
“Мындан миң жыл мурда улуу аалым Махмуд Кашгари дүйнөнүн картасын түзүп, анда Ысык-Көл аймагындагы байыркы калктуу конушту көрсөткөн. Арадан миң жыл өтүп, бүгүн Ысык-Көл кайрадан дүйнө элдеринин башын бириктирген борборго айланууда. Көчмөн цивилизациясынын миң жылдык руху кайра жаңырып жатат”, — деди ал.
Маматканов көчмөн элдердин өз мамлекеттери, башкаруу салты, аскердик өнөрү, маданияты, музыкасы, адабияты жана дүйнө таанымы болгонун белгиледи.
“Бүгүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көчмөн элдердин да өз мамлекеттери, башкаруу салты, аскердик өнөрү, кайталангыс маданияты, музыкасы, адабияты жана дүйнө таанымы болгонун дүйнөгө дагы бир ирет көрсөтүп жатат”, — деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.
Ал ошондой эле кыргыз элинин тарыхында аттын жана жоокердик маданияттын өзгөчө орду бар экенин айтып, көчмөндөрдүн күчү аскердик өнөр менен гана чектелбестен, боорукердик, бир туугандык жана адамдардын бири-бирине болгон мамиле сыяктуу баалуулуктар менен да айкалышканына токтолду.
Белгилей кетсек, “Көчмөндөр жаңырыгы” фестивалына Европа, Азия, Америка жана Африка континенттеринен келген өнөрпоздор катышууда. Жалпысынан 20 өлкөдөн 21 конкурсант 42 чыгармачылык номер тартууламакчы.