Бишкек, 01.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги иш-чаралары Ысык-Көл облусундагы 8 локацияда өтөт. Алардын ар бири спорт, маданият, этнография, илим жана интеллектуалдык оюндар сыяктуу өзүнчө багыттарды камтыйт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Чолпон-Ата шаарындагы маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, сегиз локацияда өтүп жаткан иш-чаралардын өзөгү бир — көчмөн цивилизациясынын жандуу мурасын дүйнөгө таанытуу.
Биринчи локация — Чолпон-Атадагы ат майдан. Бул жерде ат чабыштын беш түрү боюнча мелдештер, “Көчмөндөр жаңырыгы” эл аралык этнофестивалы жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу жабылыш аземи өтөт.
Экинчи локация — көк бөрү аренасы. Ат майдандын жанында жаңы көк бөрү аренасы курулду. Анын өзгөчөлүгү — көрүүчүлөр көк бөрү, көкпар, эр эңиш, тыйын эңмей сыяктуу улуттук оюндарды дээрлик жакын аралыктан көрүп, аттардын дүбүртүн жана таймаштын демин жакындан сезе алышат.
Үчүнчү локация — “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси. Бул жерде күрөштүн 14 түрү боюнча мелдештер өтүп, дүйнөнүн ар кайсы элдеринин улуттук күрөш мектептери бир аянтта таймашат.
Төртүнчү локация — “Рух Ордо” маданий борбору. Бул жерде көчмөн элдердин музыкалык мурасын даңазалаган “Көчмөн санаты” эл аралык салттуу музыка фестивалы өтөт.
Бешинчи локация — “Дордой-Номад” маданий-этнографиялык борбору. Бул жерде көчмөн элдердин турмуш-тиричилигин, каада-салтын, кол өнөрчүлүгүн жана музыкалык мурасын бириктирген NOMAD FEST эл аралык музыкалык-этнографиялык фестивалы уюштурулат.
Алтынчы локация — Кырчын жайлоосу. Бул оюндардын эң масштабдуу маданий аянтчаларынын бири. Бул жерде “Көчмөндөр ааламы” этномаданий шаарчасы салынды. Анда жүздөгөн боз үйлөр, улуттук ордолор, этнобазар, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкелери, улуттук жана дүйнөлүк ашканалар иштейт.
Мындан тышкары, Улуу көчтү тосуп алуу, эл аралык айтыш, улуттук оюндар жана башка маданий иш-чаралар да ушул жерде өтөт.
Жетинчи локация — Курманжан датка атындагы Көчмөн цивилизация борбору. Бул оюндардын илимий программасынын негизги аянтчасы болуп саналат. Бул жерде эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлүп, ошондой эле “ArtLab” чыгармачыл лабораториясынын долбоорлору уюштурулат.
Сегизинчи локация — “Евразия” эс алуу борбору. Бул жерде интеллектуалдык спорттун түрлөрү — тогуз коргоол, овари жана мангала боюнча мелдештер өтөт.
“Сегиз локация — сегиз башка багыт. Бирок алардын өзөгү бир — көчмөн цивилизациясынын жандуу мурасы. Мына ушулардын баары бир чоң көчмөндөр ааламын түзөт”, — деди Улан Маматканов.
Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү, анын жүрүшү боюнча жыйын өтүүдө.
Жыйынга төмөнкүлөр катышууда:
- Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов;
- VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы режиссёру Алтынбек Максүтов;
- Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Болотбек Ашыралиев;
- Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова;
- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сарногоева;
- Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча катчылыктын жетекчиси Нурсултан Аденов.