Маматалиев Караколдогу социалдык жана эс алуу объектилеринен кабар алды

Аймак 28 Июль 2026 17:25
image2.jpg
image3.jpg
image4.jpg
image5.jpg
image6.jpg
image7.jpg
image8.jpg
image9.jpg
image10.jpg
image11.jpg
image12.jpg
image13.jpg
image14.jpg
image15.jpg
image16.jpg
image17.jpg
image18.jpg
image19.jpg
image20.jpg
image21.jpg
image22.jpg
image23.jpg
image24.jpg
image25.jpg
Алдыга
Артка
image2.jpg
image3.jpg
image4.jpg
image5.jpg
image6.jpg
image7.jpg
image8.jpg
image9.jpg
image10.jpg
image11.jpg
image12.jpg
image13.jpg
image14.jpg
image15.jpg
image16.jpg
image17.jpg
image18.jpg
image19.jpg
image20.jpg
image21.jpg
image22.jpg
image23.jpg
image24.jpg
image25.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Каракол шаарындагы бир катар социалдык, билим берүү жана эс алуу объектилеринин абалы менен жеринде таанышты.

Парламенттен билдиришкендей, алгач төрага Каракол шаарындагы жаңы уюштурулган пляж аймагын көрүп чыгып, жүргүзүлүп жаткан көрктөндүрүү жана инфраструктуралык иштер менен таанышты.

Андан соң Марлен Маматалиев Каракол шаарындагы №7 жалпы билим берүү мектебине барып, билим берүү мекемесинин учурдагы абалы, жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштери жана келечектеги өнүктүрүү пландары менен таанышты.

Иш сапарынын алкагында төрага 1989-жылы салынган №4 жана №5 мектепке чейинки билим берүү уюмдарын да кыдырып, жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштеринин жыйынтыктары жана бала бакчаларды мындан ары жакшыртуу боюнча пландар менен таанышты. 

Марлен Маматалиев мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана заманбап шарттарды түзүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, иштин сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Андан соң ал Каракол шаарындагы "Восход" эс алуу аймагында болуп, анын инфраструктурасы жана эс алуучулар үчүн түзүлгөн шарттарды көрүп чыкты. Ошондой эле объектти мындан ары өнүктүрүү боюнча ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат угулду.

Иш сапар Каракол шаардык паркын көрүү менен жыйынтыкталды.

Мындан сырткары, Марлен Маматалиев Каракол шаарынын тургундары менен жолугуп, алардын сунуш-пикирлерин жана көйгөйлөрүн укту.