Бишкек, 21.05.25 /Кабар/. 20-майда Малайзияда экинчи кыргыз-малайзия Тышкы иштер министрликтер аралык консультациялар өттү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Кыргызстандын делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров, ал эми экинчи тарапты Малайзиянын Тышкы иштер министрлигинин эки тараптуу байланыштар боюнча башкы катчысынын орун басары Ахмад Розиан бин Абд Гани жетектеди.
Малайзиянын министрликтери менен ведомстволорунун жана Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин катышуусунда өткөн консультациялардын жүрүшүндө мамлекеттердин ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маселелери жана келечеги кеңири талкууланып, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, ошондой эле тараптардын эл аралык жана аймактык уюмдарда өз ара аракеттенүүсү боюнча пикир алмашуу орун алды.
Соода, каржы, инвестиция, туризм, маалымат технологиялары, халал индустриясы боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү, жашыл демилгелерди илгерилетүү жана жогорку билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы байланыштарды чыңдоо сыяктуу тармактарда өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Бул контекстте консультациялардын катышуучулары кызматташуунун келишимдик-укуктук базасын чыңдоонун жана тараптардын кароосундагы эки тараптуу документтердин долбоорлорун макулдашуу боюнча иштерди тездетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Консультациялардын жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары ар тараптуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү, ошондой эле ТИМдер аралык консультацияларды үзгүлтүксүз өткөрүү практикасын улантууга өз ара даярдыгы белгиленди.