Максүтов: Көчмөндөр оюндарына дүйнөгө белгилүү өнөр адамдары катышат

Көчмөндөр оюндары-2026 1 сентябрь 2026 18:28
Максүтов: Көчмөндөр оюндарына дүйнөгө белгилүү өнөр адамдары катышат
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 01.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасына дүйнөгө белгилүү өнөр адамдары катышат. Бул тууралуу оюндун маданий программасынын башкы режиссёру Алтынбек Максүтов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, иш-чараларга Голливуддун өкүлдөрү, “Оскар” сыйлыгынын лауреаттары жана дүйнөгө таанымал ырчылар чакырылган.

“Оскар” сыйлыгын алган чыгармачыл адамдар жана дүйнөгө таанымал ырчылар бар. Алар маданий программанын иш-чараларына катышып, өз салымын кошот.

Ошондой эле маданий программага кыргызстандык белгилүү өнөрпоздор да катышат. Биз алардын жаңы чыгармаларын тандап алдык. Алардын айрымдары атайын көчмөндөргө арналса, кээ бирлери жаңыдан жаралган чыгармалар. Ошол эмгектердин премьераларын көрүүчүлөргө тартуулайбыз.

Андан сырткары, маданий иш-чаралар өтө турган локациялардын ар бири өзгөчө жасалгаланып, бири-бирине окшобойт.

Даярдык, анын ичинде техникалык иштер да кызуу жүрдү. Ачылыш аземинен көргөндөй, ар бир локация өзгөчө чечим менен жасалды. Кээ бир жерлерде Көчмөндөр оюндарынын концепциясына ылайык мурда колдонулбаган жаңы элементтер пайдаланылды. Ошондуктан ар бир локация бири-бирине окшобойт”, - деп кошумчалады Максүтов.