Чыгымдан кирешеге: "Макмал Голд Компани" былтыр 741 млн сом пайда тапты

Экономика 25 Август 2026 12:00
copyright icon "Кыргызалтын" ААК

Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. Мамлекеттин колдоосу жана "Кыргызалтын" ААКнын натыйжалуу башкаруусунун аркасында "Макмал Голд Компани" комбинаты чыгым тарткан ишканадан туруктуу иштеген жана кирешелүү өндүрүшкө айланды.

Маалыматка ылайык, 2022-жылы ишкананын чыгымы 204 млн сомдон ашкан. 2023-жылы комбинат 20 млн сом пайда тапса, 2024-жылы бул көрсөткүч 126 млн сомду түзгөн.

"Ал эми 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ишкананын пайдасы 741 млн сомго жеткен. 2026-жылдын алгачкы алты айында комбинат 609 млн сом пайда тапкан", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, учурда ишканада өндүрүштүк кубаттуулуктарды модернизациялоо, техникалык базаны жаңылоо жана инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле өндүрүштүк жабдуулар жаңыртылып, технологиялык процесстер өркүндөтүлүүдө.

Бул чаралар өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга, ишкананын өндүрүштүк потенциалын бекемдөөгө жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган.

"Бүгүнкү күндө "Макмал Голд Компани" Жалал-Абад облусундагы негизги ишканалардын бири болуп саналат. Анын ишмердиги жаңы жумуш орундарын түзүүгө, бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүгө жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошууда", - деп белгиледи ишканадан.