Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. "Маңка-Жар" коктусундагы селден коргоочу дамба көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, шаардык кызматтар жана ӨКМдин башкармалыгы тарабынан "Маңка-Жар" коктусундагы селден коргоочу дамбаны тазалоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет. Бүгүнкү күндө суунун деңгээли да көзөмөлгө алынды.
Тиешелүү иштердин натыйжасында болжол менен 230 үй селден корголот.
Шаардык кызматтар жаан-чачын убагында жакын жайгашкан үйлөрдүн жашоочуларына коркунуч жаратпашы үчүн көлөмдүү иштерди аткарышты.
Буга чейин нөшөрлөп жааган жамгырдан улам "Маңка-Жар" коктусунан суу ташкындап, натыйжада Арча-Бешик конушундагы көчөлөрдү жана 100дөн ашык үйдү суу каптаган.