Эмгек министрлиги: Майыптуулугу бар 80 адам блогерликке окутулат

Коом 28 январь 2026 09:15
622428208_1349554973880839_3717677457612821134_n.jpg
619566870_1349555080547495_9078452459127230063_n.jpg
622166349_1349555083880828_1389801359121709744_n.jpg
622651271_1349555087214161_561900420678042372_n.jpg
Алдыга
Артка
622428208_1349554973880839_3717677457612821134_n.jpg
619566870_1349555080547495_9078452459127230063_n.jpg
622166349_1349555083880828_1389801359121709744_n.jpg
622651271_1349555087214161_561900420678042372_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 28.01.26. /Кабар/. Майыптуулугу бар адамдар үчүн "YouTube-мектеп" билим берүү долбоору башталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Долбоор республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси жана майыптыгы бар адамдар үчүн Реабилитациялык борбор "Мүмкүнчүлүк" бирикмеси менен биргеликте ишке ашырылууда.

Долбоордун катышуучулары учурда Реабилитациялык борбордо дарыланып жаткан, протездик-ортопедиялык буюмдарды алып жаткан, калыбына келтирүү дарылоодон жана социалдык адаптациядан өтүп жаткан майыптуулугу бар адамдар болуп саналат.

Бул долбоор заманбап онлайн-платформаларды колдонуу аркылуу майыптуулугу бар адамдардын санариптик көндүмдөрүн, медиасабаттуулугун жана өзүн-өзү ишке ашыруусун өнүктүрүүгө багытталган.

Окутуунун алкагында катышуучулар YouTube платформасы менен иштөөнүн негиздерин өздөштүрүшөт:

  • контент түзүү;
  • видеого тартуу;
  • монтаждоо;
  • каналдарды тариздөө жана жүргүзүү;
  • социалдык тармактарда илгерилетүү;
  • жеке брендди жана коммуникациялык көндүмдөрдү өнүктүрүү.

Биринчи агымда 16 адам окуудан өтүүдө. Окутуунун жыйынтыгында катышуучуларга курстан өткөндүгү тууралуу күбөлүктөр тапшырылат.

Долбоордун аягына чейин 80 майыптуулугу бар адамды окутуу пландалууда.