Майрамдан кийин Ош шаарынын борбордук аянтынан 20 куб метр таштанды чыгарылды

Аймак Загрузка... 01 Январь 2026 13:25
Screenshot_2026-01-01-13-22-47-122_com.facebook.katana.jpg
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 01.01.26. /Кабар/. Жаңы жыл майрамынан кийин Ош шаарынын борбордук аянтында тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Мэриядан билдиришкендей, анын жыйынтыгында жалпысынан 20 куб метр таштанды чыгарылды.

Борбордук аянттан кечээ кечинде 10 куб метр, ал эми бүгүн эртең менен дагы 10 куб метр таштанды жыйналды.