Майлуу-Сууда 20 млн сомдук бала бакча мамлекетке кайтарылды

Аймак Загрузка... 21 Октябрь 2025 12:56
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 21.10.25. /Кабар/. Майлуу-Сууда 20 млн сомдук бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасы тарабынан Майлуу-Суу шаарынын мэриясында жүргүзүлгөн текшерүүдө, Көк-Ой айылында жайгашкан бала бакча 0,47 га жер тилкеси менен мыйзамсыз жеке менчикке сатылып кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жогоруда белгиленген базар баасы 20 млн 215 миң 162 сомду түзгөн бала бакча жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды.