Майлуу-Суу шаарына 6 850 "акылдуу" эсептегич орнотулду

Аймак 17 ноябрь 2025 10:33
582532445_18084192143476120_3137240534365350860_n.jpg
582075109_18084192134476120_7160837438887139342_n.jpg
581665901_18084192161476120_6188397668642249849_n.jpg
582436628_18084192173476120_4679509223477421565_n.jpg
582618312_18084192152476120_4695348723446778029_n.jpg
583428144_18084192182476120_2000698231128751089_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 17.11.25. /Кабар/. Жыл башынан бери Майлуу-Суу шаарына 6 850 "акылдуу" эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаар боюнча 8 035 керектөөчү катталса, анын ичинен 6 850 турмуш-тиричилик абоненттери "акылдуу" эсептегичтер менен камсыздалды.

Эсептегичтер быйыл март айынан тартып орнотулуп, толук автоматтык дистанциялык башкарууга өткөрүлдү. Бул система керектөөчүлөрдүн үйүнө кирбей эле, эсептөө процессин онлайн жүргүзүүгө шарт түзөт.

Учурда Майлуу-Суу РЭТинде күз-кыш мезгилине даярдык жана жаңылануу иштери толук аяктап, төмөнкүдөй оңдоо жана капиталдык жаңылоо иштери аткарды:

  • 50 даана трансформатор жана 170,5 чакырым аба чубалгылары техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү;
  • 10 даана трансформатор жана 6,7 чакырым аба чубалгысы капиталдык оңдоодон өттү;
  • эскилиги жеткен 44 даана жыгач мамыча жаңы темир-бетон мамыларга алмаштырылды;
  • аба чубалгыларынын коопсуз иштешин камсыздоо үчүн 126,96 чакырым трасса боюнча бутактарды кыюу жана бактарды тазалоо иштери аткарылды;
  • 2025-жылга пландалган кошумча 1 даана КТП орнотулуп, 0,6 чакырым 0,4 кВ аба чубалгысы курулуп, пайдаланууга берилди.