Бишкек, 27.04.26. /Кабар/. Кыргызстандыктар май айынын башында он күн катары менен эс алат.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен “Кабар” агенттигине маалымдашкандай, Эмгек кодексине ылайык, май айында жумуш эмес майрам күндөрү белгиленген.
Анда 1-4, 6-8-май — май каникулдары деп эсептелсе, 5-май —Конституция күнү, ал эми 9-май — Жеңиш күнү болгондуктан, бул даталар да иш күн эмес.
10-май дем алыш күнгө туура келгендиктен, бул күнү да кыргызстандыктар эс алат.