Май айынан баштап Алматы – Ош жаңы аба каттамы ачылат

Коом 16 апрель 2025 18:15
Май айынан баштап Алматы –  Ош жаңы аба каттамы ачылат

Бишкек, 16.04.25 /Кабар/. 28-майдан тарта Кыргызстан менен Казакстандын түштүк борборлорун байланыштырган аба каттамсы ачылат.

"Кыргызстан аэропорттору" ААКтан билдиришкендей, каттамдарды Air Astana авиакомпаниясы жумасына 4 жолу: шейшемби, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарат.

"Аба каттамы заманбап Airbus учактары менен аткарылат, 132 орун эконом-класста, 16 орун бизнес-класста", - дейт Air Astana авиакомпаниясынын Кыргызстан боюнча аймактык менеджери Алибек Берикбосынов.